кыргыек

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Түлөй элек жаш кыргый.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кулетендин эр Агыш, / Кызды жандап кылаңдап, / Кыргыектей сыланат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кабылан Сейит камынып, / Карчыгадай кагынып, / Кыргыектей кылт этип, / Нурланып жүзү жылт этип, / Сүйлөдү сөздү шыңк этип: / — Болжолдуу көрдүм күнүңдү, / Сурадың менин түбүмдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Саргарып эгин бышыптыр, / Алманын шагы ийилип, / Кыргыек учар табы экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →