кыраң

китептерде 24 жолу, 6 китепте
  1. Кичирээк кыр, анча бийик эмес тоонун кыры.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…босун, / Дүрбү салып Кеңколдун, / Эсендигин билем”, — деп, / Ооздугун чыгарып, / Отко койуп тору атты, / Суулугун чыгарып, / Суу каптырып тору атты / Өзү чыгып кыраңга, / Көчүгүн койуп олтурду, / Үстү эптүү бир ташка. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ушуну айтып Кеңкула, / Басып барат шамалдай, / Басканы сонун шаңданып, / Кыраңдап баскан маралдай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Аркасында чачтары, / Аргамжыдай чубалат, / Бол жүргүнүң, болгун, деп / Лойалары кубалап, / Арка-алды көрүнбөйт, / Алай-дүлөй жер чаңдап, / Алакандай аз кыргыз, / Келаткан элди көргөндө, / Көптүгүнө таң калат, / Таанылар элге кезегим, / Келген экен эми, деп, / Кыран Чубак шаңданат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кызарып жаткан чок элең, / Кыргызга капка тоо элең, / Кыраңда жолборс жатат, деп, / Кыргыздын көөнү ток элең. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Тиктеп жатса шылыйып, / Ирмебей көзүн кылыйып, / Элестеген кыраңдан, / Көрүндү көзгө бир неме, / Жакындап келди бугуга, / Карап жатса бир неме. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →