кыраан1

китептерде 185 жолу, 10 китепте
  1. Алгыр.
  2. Мыкты, кыйын, өткүр, чыгаан.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кыйар капыр кектенди, / Кыйамына келгенде, / Кыргыздын кыраан баатыры, / Кыйкырып ураан чакырды, / Кый сүбөөдөн бир сайып, / Кытайдын шорун катырды, / Токтоо кылып турбастан, / Башын кести капырды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…ылычын, / Жан алам деп күркүрөп, / Түрүн көргөн Төбөйдүн, / Далайлар жандан түңүлүп, / Кыйкырыгы таш жарып, / Таштан өтүп баш жарып, / Кыйырдан келип урганы, / Кыраандын уулу Кененим, / Найза менен камына, / Булчуң эткен сайганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кыйынсынган Байматтын, / Кыйналганын билиптир, / Кыраан Манас солкулдап, / Башкача сонун күлүптүр: / — Онбашым Баймат сен болсоң, / Унуткан кишиң мен болсом, / Мен дале куруп калайын, / Он кишинин ичинде, / Унутулган мен болсом. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Коркконун билип булардын, / Жалгызек турду муну айтып: / — Коркпогула, туугандар, / Мындай тамсил бир кеп бар - / “Сулуу кыз менен күлүк ат, / Кыраан бүркүт, зил тайган- / Төртөөнүн баасы жок болот” / “Кызыл тилдин сөөгү жок, / Баш сыпаанын жүзү жок”- / Элдер айтып келаткан, / Ушул болот “эки жок” / Аш кайна… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кыйыгына тийбейли, / Кыраан Семең жолборстун. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →