кыраакы
- Иштин жайын алдын ала билгич, байкагыч, көрөгөч.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…баатырды, / Бекбачаны жактырып: / «Балбан экен, эр экен, / Жолборс экен, шер экен, / Ушунча жандан Бекбача, / Ырысы артык неме экен, / Кызыл түктүү пил экен, / Кыраакынын бири экен, / Балта чапса мыктуу экен, / Найза сайса ыктуу экен, / Мылтыкка мерген уул экен, / Жетимиш эки өнөргө, / Өтө жетик бул экен, / Буга барып ким тийсе,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кыраакы өзү укмуштуу, / Бастырган жерден баатырдын, / Атынын изин карады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Карк этип карга учпаган, / Курк этип кузгун учпаган, / Сереңдеп койон качпаган, / Кыраакылар байкаса, / Тирүү жандар баспаган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Токтоно албай Сейитек, / Эшикке чыгып элбиреп, / Сүрөттө кызды көрсөм деп, / Эт жүрөгү элжиреп, / Зулпуке, Чүрөк, Гулнарга, / Жакын келди темтиреп, / Зулпуке, Чүрөк көрүштү, / Бура басып кылт берип, / Буруу үйгө киришти, / Гүлнардын ойго түшкөнүн, / Зулпуке менен Айчүрөк – / Кыраакылар билишти.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кыраакы бала Семетей, / Чыныдагы аракты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →