кыпчы

китептерде 7 жолу, 4 китепте
  1. Кыпчуур, кычкач ж.б. менен кыса кармоо, кысуу.
  2. Бир нерсенин ортосуна, арасына кысып коюу, кыстаруу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…аңдап, / Таазим кылып бүгүлүп, / Катындарча жүгүнүп, / Кендиргелеп бүгүлүп, / Келиндерче жүгүнүп, / Кеп айталбай аптыгып, / Кер сары болуп өң азып, / Таноолору кыпчылып, / Тарамышы тырышып, / Салам айтып калтырап, / Корккондугу билинип, / Кол куушуруп турушту, / Көздөн жашы бош кетип, / Мурдун тартып шор этип, / Маңкалары чуба… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Карасаң эми ал тайган, / Куйругун кыпчып такымга, / Айлана басып ак үйдү, / Улуп-уңшуп, кыңшылап, / Үрүп кээде арсылдап, / Оозунда тиши шакылдап, / Кабуучудай карсылдап, / Айчүрөктүн тушуна, / Келе калып кыңшылап, / Эки-үч күндүн ичинде, / Ийне жеген немедей, / Арыктады ченебей. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кыйшаңдабай шыбырап, / Куймулчак кыпчып жатпасаң, / Кордукка башың саласың. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Ал бир кезде жакамды коё берип, ары кетип калып, издеп жүрүп, былжыраган бир түрү суук кара куртту чубалжытып, чөпкө кыпчып келди да: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Кийим порумуна караганда чоңу мынабу мурдун кыпчып койгондой, таноосу тар, көзү кыйпыйган, чап жаак, кара сур неме болсо керек. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →