кынжыл

китептерде 5 жолу, 4 китепте
  1. Ичи ичине жабышкан абалда, кынжыйган абалда болуу.
  2. Араң эле жооп берүү, абдан кыйылуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Мойнуна иттей кынжылап, / Шумурайды Конушбай, / Жетелеп кирип барганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Салдырып бутка кең кишен, / Кынжылатып мойнунан, / Андан кийин Бакайдын, / Мабу кеп чыкты оозунан: / — Эл кыдырып келсин, — деп, / Чыккынчы болот ушундай, / Кыргыздын баары көрсүн, — деп, / Бирине-бири кас болбой, / Ынтымактуу жүрсүн, — деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Убал кылып бирөөгө, / Мойнуңдан байлап кынжылап, / Кишиче байлап ээрчитип, / Кыдыртайын дуйнөгө! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
— Болсо аңтарып таап ал,— дегендей кылып, кынжылган түр менен көзүн ыкшыйтып, стражникке карады. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Ыйманкул да буга кынжылган жок. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →