кындырдай

китептерде 5 жолу, 2 китепте
  1. Тегиз.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кездеп атса ок өтпөс, / Салып койсо чок тешпес, / Чапса кылыч түк кеспес, / Кандагайга капталуу, / Кара бойу чапталуу, / Барынын чуркар этинде, / Сууту канык тапталуу, / Кындырдай кылып жараткан, / Жем баштыгы манаттан, / Жем үзүлбөйт ар аттан, / Бээнин туут маалында, / Бир убак сүткө сугарткан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жем баштыгы манаттан, / Жем үзүлбөйт ар аттан, / Жайы-кышы аттарды, / Куйрук берип, май берип, / Кындырдай кылып жараткан, / Жазгы бээнин туутунда, / Бир маал сүткө сугарткан, / Айрыкча кубат болор деп, / Ак туз берип жалаткан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жем баштыгы манаттан, / Жем үзүлбөй баары атан, / Урушка минчү аттарын, / Кындырдай кылып жараткан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Түлкүдөй изин жашырып, / Кындырдай бели бүгүлүп, / Тулпардай чачы шүйүлүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →