кындуу
- Кыны бар.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чапанын чечип алганда, / Кындуу кылыч жанында, / Эки миз шамшар санында, / Айбалтасы белинде, / Жазып койгон кат турат, / Айбалтанын сабында.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Өзүм баатыр дегенсип, / Асынып жааны мойнуна, / Атканын жазбас мергенсип, / Кындуу кылыч белинде, / Кандуу найза колунда, / Кара темир калканы, / Калдаңдап турат жонунда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →