кын
- Кылычтын, канжардын жана бычактын кабы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бир жагына кынтайып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кыргыздан чыккан кара көк, / Кызматы элден бөпбөлөк, / Жойкуманы кынынан, / Сууруп колдо алганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Байлаган менен Чубакты, / Алып кете албады, / Болгун, тарткын, болгун, деп, / Бабырашып жатканда, / Баатырыңдын ач албарс, / Ага сыйкыр даарыбас, / Тирүүлүктө пендеге, / Мындай сонун табылбас, / Кынынан тартып алыптыр, / Кызыл кыргын салыптыр, / Бошотуп тордон ошондо, / Кутулуп Чубак калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…лтык, Акшамшар, / Балтасы болот таш чабар, / Торгой көз темир бадана, / Үштү кийип кабаттап, / Туулганы башка көмөрүп, / Кийгени темир көгөрүп, / Кылычты салып кынына, / Ай балта байлап жанына, / Найза колдо заңгырап, / Кытайча кызыл доолбас, / Шамал тийсе каңгырап, / Алтын ээр калмакча, / Тогуздап олоң тартынып, / Аттанып б…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Казактардын Бердике, / Кылгара атты кындыйтып, / Салып кирип келди эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →