кымыңда
- Ичинен кубануу, кымылдоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…лжеп тоолор зымырап, / Көп жаныбар кыбырап, / Көптүгүнөн кымылдап, / Көк асманда көп жылдыз, / Күлгөндөй болуп жымыңдап, / Уйалгансып кай бирөө, / Үлп-үлп этип кымыңдап, / Ай чыкты кырдан жаркырап, / Ташка түшүп жалтырак, / Айылда жүргөн бири жок, / Камандын баары калтырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
жылдыздай, / Жымыңдаган неме экен, / Орго салган түлкүдөй, / Кылыңдаган неме экен, / Күлүп сүйлөп ырсактап, / Мылыңдаган неме экен, / Тынбай ирмеп кирпигин, / Кымыңдаган неме экен, / Сомбилекке айтаары, / Ойроттун айткан кеби экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →