кымындай

китептерде 5 жолу, 4 китепте
  1. Кыпындай, кичинекей, тырмактай.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…лдап, / Ач кыйкырык, куу сүрөөн, / Баатырлар үнү бакылдап, / Кан сагынган эрээндер, / Тилдери батпай оозуна, / Суусагансып лакылдап, / Аманат жандан кечишип, / Кымындай болгон бир жанды, / Кылга байлап таштады, / Кыйын уруш баштады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жыргап жаттык кыргыздар, / Кыйноого бизди салбадың, / Кыргыз үчүн кырааным, / Кымындай жанды кыйнадың, / Жалгыз жүрүп жан кыйнап, / Жакшы эле кызмат кылганың, / Дүйшөмбүгө барам деп, / Бүгүн айтып турганың. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кырда жаткан эл үчүн, / Кыргыздан келген чунагың, / Кымындай жанын кыйнады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Качырып келип салды эми, / Калкан менен туулгадан, / Кымындай неме калбады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Муну укканда карышкыр ичинен кымындай түшүп, желип-жортуп кырды ашып, улакка кандай жеткенин өзү да билбей калды: Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →