кымыздык
- Ачкыл даамы бар тоодо өсүүчү майда жалбырактуу өсүмдүк.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Козу кулак, жоогазын, / Балжууран, ышкын, кемирчек, / Кымыздык менен бээ эмчек, / Кончуңа толуп бастырбай, / Куйулуп жатат жөргөмүш.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кара чөп менен айуу чач, / Жоогазын менен мандалак, / Канчасы турат самсаалап, / Козу кулак бээ эмчек, / Кымыздык менен кемирчек, / Жерди көрүп таңданып, / Ээсиз жаткан кур калып, / Кан Манас койгон суроого, / Кадим тээден жергелеп, / Жердин сырын бүт билген, / Карт Кошой …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Акбарсылдак, кызгалдак, / Кемирчек менен мандалак, / Козукулак, бээ эмчек, / Жөргөмүш менен кымыздык, / Балжууран менен ышкындык, / Томотой менен карагат, / Жермыйаз менен бүлдүркөн, / Жердин бети бүр экен, / Баашайы түрүн салгандай, / Барысы жердин гүл экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Саздуу жери кемирчек, / Жылгалары бээ эмчек, / Козу кулак, жоогазын, / Анын баары тамак дейт, / Жапа мыйаз, зардеги, / Согон менен кымыздык, / Төө таман менен чымылдак, / Табылып калса талаадан, / Сүйүнөт кытай жымылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кымыздык менен бээ эмчек, / Башын ыргап теңселет, / Жоогазын менен мандалак, / Төгүлүп жерге самсаалап, / Козукулак, кемирчек, / Толуп жатат канчалап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →