кымты
- Бир нерсенин чет жакасын ичин көздөй кайруу.
- өт. Жашырып алуу, уурдап алуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Хан Калчанын кылычын, / Кымтый колго кармады, / Татылданын бутунда, / Найзанын учу жетерде, / Туулгадан мылк этип, / Мээге кирип кетерде, / Төбөсүнүн төшжары, / Болжоп туура шилтеди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кыз экенин билди эле, / Кымтыйа түшүп күлдү эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Суук ырылдап турган колтугунун тешигин кымтып коюп, бүрүшүп, ыйлап отурган Бекдайырды көрүп, жаны ачыгандай Башарин:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бул биздин кыра албагандыгыбыздан эмес, кымтып алдыбы деп, шек уруп айтканы.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Кыз буга да ишенбей өңчөй эркектерди жарыштырып сынаймын, "кыз болсо - этегин кымтырынып жүгүрөт, эгерде эркек болсо - кымтырынбай жүгүрөт" дейт да, Карчыганы жарышкын дейт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →