кымкап
- Алтын, күмүштөн жасалган зым кошулуп токулган кымбат баалуу кездеме. Кээде ошол кездемеден тигилген тыш кийим.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Биринен-бири өткөрүп, / Атаандашып жасатып, / Алтын, күмүш, жез менен, / Ээр-токумун каптатып, / Достошуп кымкап кийдирип, / Алдына жорго миндирип, / Улуу-кичүү сыйлашып, / Урмат-ызаат билдирип: / Акыйнек айтып айлуу түн, / Кыз-келин-жигит келишип, / Алты бакан селкинчек,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…, / Жетимиш атка байге бар, / Эң алдыңкы атына, / Сайган байге мамындай: / Жону туйук жүз нар бар, / Жылкынын саны беш жүз ал, / Кошкон жамбы пулу бар, / Кызыл кымкап, шайы бар, / Кундуз менен сүлөөсүн, / Суусар, булгун дагы бар, / Миңге санын толтуруп, / Сайган байге жагы бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тик турган кызыл кымкапты, / Жамынып кызыл тон кийип, / Чамынган жолборс элирип, / Карап турду эр Семет, / Жеңишине керилип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ашка кенен биздин жер, / Базарга барбай дан алсын, / Короодон кармап кой сатпай, / Кызыл кымкап шайы алсын, / Асыл кумду жуугузбай, / Алтын алсын зар алсын, / Араба менен жамбы алсын, / Жону туйук нар алсын, / Тулпардан ылгап да алсын, / Аргымак келет жыл…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →