кымбат
- Баасы жогору, арзандын карама-каршысы.
- Татаал, кыйын.
- Кадырлуу, асыл.
- Энчилүү ат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…, / Кененимдин мен башын, / Келемин деп байланып, / Аңгычакты Көкбөрү / Аскерди тур деп камданып: / — Алып келсе Таабалды, / Сүйүнчү улак тартыңар, / Кыргыздын кымбат кыздарын / Бирден алып жатыңар, / Алдырып койсо Таабалды, / Мылтык менен атыңар, / Жебени чендеп тартыңар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ажыбайдай чечени, / Андай сонун нечени, / Кысылса тийген кереги, / Кымбат баасы Сереги, / Төлгөчү кара Төлөгү, / Төлгөсү журттан бөлөгү, / Актай далы көрүчү, / Ашкере айтып берүчү, / Алымдардын Алакен, / Унутулчуу жан бекен?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Так салыптыр билгизбей, / Менин кымбат – баркыма!- / Деп акырды эр Көкчө, / Ыраңдары бөлөкчө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кара кыргак, ак күбөң, / Канча кымбат асылды, / Катарлап баарын койдурду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Анын үч уулу болуп, күндөрдүн биринде падыша үч уулун чакырып алып: "Силер мага кымбат баалуу бир нерсе сатып келгиле.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →