кылычта
- Кылыч менен чабуу, кылыч менен чапкылоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Татылда жаман мыкаачы, / Кылычтап канын чубуртту.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жылантору ат менен, / Кылычта кандуу дат менен, / Кыйкырыгы таш жарып, / Чигитей күндө топ бузат, / Чигитей үнүн укканда, / Жарылып жүрөк кубанат, / Жарк этип көзү ачылып, / Жана кайра туна…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ “Дабытайды алпарып, / Бастырып жарга жоготуп, / Кайта келип кырат деп, / Канды суудай агызып, / Баш- аламан кылат, — деп, / Кылычтап башты кыйат, — деп, / Баарыбызды кырат, деп, / Жыпжылма түптүз кылат” деп, / Коросондун элдери, / Өз жанынын камын жеп, / Убайым тартып сарсана, / Упурак болуп…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Алдынан тосуп найзалап, / Аралап кирип кылычтап, / Белден тосуп мылтыктап, / Жекелеп чыккан немесин, / Семетей менен кара дөө, / Жер жазтантып жалмады, / Алдына карай оозгонду, / Алмамбет уулу Гүлүстөн, / Жебе менен жайлады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Тартынбастан баралы, / Кылычтап башын алалы!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →