кылый
- Көздүн кыйыгы менен кылтыйып кароо.
- өт. Таарынуу, таарынып унчукпай калуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…адай бети жайылып, / Талпайып мурду мылыйып, / Арамдык кылып жатабы, / Качып кетет экен, деп, / Имере тартып тизгинин, / Абдан байкап көз салып, / Тиктеп калып кылыйып, / Жана өзүнчө каткырып, / Жалпайган мурду былчыйып, / Ого бетер Майтору, / Сендиректеп шылкыйып, / Ачууланып Бекбача, / Эки этегин түрүнүп, / Жеткиси келет жү…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кытай Кыйар кылыйып, / Күлүп койду мылыйып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…ей байкап алыптыр, / Кыздардын барып жанына, / Оң бутун баатыр көтөрүп, / Куланын артып жалына, / Анжыйандын ак куурма, / Чылымын алып колуна / Астыртан тиктеп кылыйып, / Кыздардын карап тобуна, / Каныкейди жактырып, / Алыш кетип ойуна, / Калайтып сырын алдырбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кашын кагып кылыйып, / Уурту күлүп жымыйып, / Кыйырын салып кара бет, / Кыйа карап турду эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Тиктеп жатса шылыйып, / Ирмебей көзүн кылыйып, / Элестеген кыраңдан, / Көрүндү көзгө бир неме, / Жакындап келди бугуга, / Карап жатса бир неме.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →