кылчакта

китептерде 20 жолу, 7 китепте
  1. Улам-улам арка жагын кароо.
  2. өт. Тарткынчыктоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Аркасын карап кылчактап, / Келе жаткан Каракөз, / Жоор аттай кыйшактап, / Чоң Бодоңду көргөнү, / Көңүлүн башка бөлгөнү, / Аттын башын тартканы, / Жанындакы авазир- / Жолдошуна айтканы… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Тайгандын бири кыңшылап, / Кененимге жоолукту, / Таң атардын бүрүлдө, / Кененимге жакындап, / Куйругун булгап шыйпаңдап, / Алдына түшүп жөнөдү, / Бол жүргүнүң дегенсип, / Аркасын карап кылчактап, / Эр Кененим жөнөдү, / Кеңкула менен ыкчамдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кайра качып кылчактап, / Айанар сенден жан барбы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ойлонуп баатыр ошол чак, / Турганы жок кылчактап, / Кара кашка минген ат, / Алты асыйда бар экен, / Алтайга минсе арыбас, / Толуп турган чагы экен, / Жашырбай чынын айтканда, / Канкор көчтө миничү, / Аргымакча бар экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Алымжан келе жатат бекен деп, кезек-кезек артыма кылчактап коём. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →