кылчай

китептерде 191 жолу, 9 китепте
  1. Мойнун буруп, арка жагын кароо.
  2. Кайрылуу, кайта айлануу, кайрылып келүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Алтын чырай нур бети, / Аттанып бура тартарда, / Күүгүмдөкү устадай, / Көк жашыл тартып көрүндү, / Жалгыз кара бир башы, / Капкайдан келген чоңдорго, / Жалтанбастан өмүлдү, / Жан соогалап кылчайбай, / Бул айылдан бөлүндү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Өлбөгөнүн билбеди, / Өкүм өскөн эр неме, / Дарбазанын башына, / Кемеринен илгени, / Кылчайып артын карабай, / Кара кошуун элдерге, / Кайрылып жетип келгени. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Оогандыктын эр Сыргак, / Тор салар шайын калтырбай, / Сайып кирди жүдөтүп, / Жолборс көргөн маралдай, / Качып берди дүрбөшүп, / Кылчайып артын карабай, / Караганга жарабай, / Айбаты тайып жүдөшүп, / Үйрөткөн пилин жиберди, / Көрсөтүп эрен Сыргакты, / Тебелеп аны кел, дешип, / Тумшугунун учунда, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…лбай жылаңбаш, / Чачтары түйдөк саксаңдап, / Күлүп калат ырсайып, / Тили чыгып бултайып, / Асманды тиктеп чакчайып, / Бир жакка мойну кыйшайып, / Аркасын карап кылчайып, / “Акыр-чикир келгин! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Имерилип тартты эле, / Кылчайып артын караса, / Кызыталак чоң калмак, / Төрт айактап такандап, / Кара жерден кооп жатат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →