кылтылда

китептерде 42 жолу, 7 китепте
  1. Кылтыңдоо, кылыктануу, экилене кыймылдоо, сүлкүлдөө, жагымдуу басуу.
  2. Туруктуу болбоо, бир сөзүндө турбоо, улам бирди сүйлөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

чапсам экен, деп, / Кармай алды сабынан, / Тартып алды кабынан, / Такыр баш болгон энебиз, / Сымаптан бетер жылтылдап, / Алдындагы сур атты, / Жыландай сойлоп кылтылдап, / Хан Калдыкка чаптырбай, / Чабар айла таптырбай, / Туман болуп көрүнүп, / Тунарыктан сөгүлүп, / Жарк дей түшүп ачылып, / Бекбачанын торуна, / Жеткендей болду… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Армансыз болсоң калмак деп, / Карап турду Кененим, / Кылычын кындан тартканда, / Жылтылдады калмактын; / Алдында минген тулпары, / Жорголой басып арыштап, / Кылтылдады калмактын; / Күлкүсү чыгып кылыңдап, / Шылкылдады калмактын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…, / Желмогуздун өзү деп, / Өзү тургай буруусуз, / Как караган көзү деп, / Ачып көздү жумгунча, / Азыткыга жетем деп, / Алдында минген Телкүрөң, / Кулжадай башы кылтылдап, / Кундуздай жүнү жылтылдап, / Баладай жалы балкылдап, / Туйагы тийген нечен таш, / Талкаланып быркырап, / Учкан куштай дыркырап, / Урган таштай зыркырап, / Ач… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Учуп кетет калкылдап, / Канаты күндөй жалтылдап, / Узарып барып токтолот, / Ай караңгы түндөрдө, / Күйгөн шамдай жылтылдап, / Келе жатат Желжетпес, / Жорголой басып кылтылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Сүйлөсө башы кылтылдап, / Катын үндүү кыңкылдап, / Токтобой мойну баладай, / Ары-бери шылкылдап, / Таноосу көөп дердеңдеп, / Тамакайы былкылдап, / Келгендин баары жалдырап, / Сатайына карады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →