кылтак

китептерде 5 жолу, 2 китепте
  1. Куштарды кармоо үчүн кылдан жасалып, узун чыбыктын башына байланган илмек.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кекилик кармап алчуудай, / Кишиге кылтак жайасың, / Түлкү кармап алчудай, / Жер көөлөп капкан курасың. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
Ал кыргоолду кылтактайт, музду бузат, жаанды болсо эч тоотпойт, жерди тыткылап айдайт, токойду тыптыйпыл кыркат, өрттү, шамалды өз пайдасына жумшайт, чөптү чаап алат, койду союп жейт, мендей карышкыр эмес, илбирс, жолборстун жанын чыгарып жок кылат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
Илгери, илгери бир кемпирдин жалгыз баласы оокат-турмушу начар болгондуктан, кырманда кылтак салып жүрчү экен. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
– Капыстан сенин кылтагыңа түштүм. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
Анын сөзүнө жооп бергиче, кылтакка түшкөн Таан баланы тааный коюп: Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →