кылмыштуу

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Кылмышы бар, күнөөлүү, күнөөсү бар.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ашка келчү кишинин, / Маа бергиле бийлигин, / Таанытайын дүйнөгө, / Байлык менен эрдигим,- / Анда Кошой муну айтты: / — Үрбү менен Бокмурун, / Аш берген болот айыпкер, / Кылмыштуу болот күнөөкөр, / Биз ошонун бирибиз, / Алды менен табалы, / Аш берчү кайсы жерибиз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бей туйук кетсем сыр айтып, / Ургаачы деген ушул – деп, / Уккан кулак эл айтар, / Баштады деп Кыйазды, / Тетиги катын көмүскө, / Кылмыштуу кылып мени айтар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
— Кара төбөл ооруп келди,— дедим кылмыштуу немедей болуп. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →