кылмышкер

китептерде 14 жолу, 5 китепте
  1. Күнөөкөр, күнөөсү бар, айыпкер.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…Тете кошулуп, / Асыл менен алышып, / Каны агып жошулуп, / Заманды, Жоомарт, Буйтуна, / Хан Сакычак, Илебин – / Беш баатыр өлүп мултуйуп, / Көкбөрүгө кошулду, / Кылмышкер болуп култуйуп, / Олтурган экен Көкбөрү, / Көгөрүп бети тултуйуп, / Кабагын ачпай бүркөлүп, / Кар жаачу күндөй чүмкөлүп, / Каракөз айтат ошондо, / Кара жанга к… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Түбүбүз тууган бир экен, / Ошон үчүн түтө албай, / Кебимди айтып мен турам, / Тил алсаң баргын айлыңа, / Тим эле калбай кайгыга, / Жакшы жаман кеп кылбай, / Ак никелүү зайыбыңа, / Унчукпай болгун кылмышкер, / Жалган күмөн айыбыңа. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Сойушун бердик жактырып, / Кылмышкер болдук чакырып, / Берген ашты жөн жебей, / Ачууланды жапырып, / Түрү суук калчасы, / Олураңдап бакырып, / Кылып болуп бар ишти, / Мааникер бер деп шаштырып, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Былк этсе кылып кылмышкер, / Сүйлөгөндө тилиң так, / Жаактууга жай бербей, / Теригесиң бат эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Тилим тийип күпүрлөп, / Мен кылмышкер болупмун, / Сомбилек сындуу эренге. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →