кылмыш

китептерде 10 жолу, 5 китепте
  1. Мыйзамга каршы иштелген иш, терс иш, күнөө, айып.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кызылкыз кебин укканда, / Хан Калдык айтат ушунда: / — Биз катышкан кыргыздын, / Айтып адам болгусуз, / Булардын кылган кылмышын, / Ат жеткен жерге жан койбой, / Адамдын баарын кырышын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ээрчитип келип Көкөйдү, / Сийдирейин көзүнө, / Кылмышын элге айттырып, / Тили менен өзүнө. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Чойтолоңдун кылмышы - / Тапан хан алар шум кызды, / Канчык деди ушул кеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Дайра болуп кечир деп, / Дабан болуп ашыр деп, / Кылмышым сурап мен турам, / Дасторкондо бир турган, / Ак никелеп алганын! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
— Сенде кылмыш көп баччагар. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →