кылжыңда
- Кылжың-кылжың этүү, шылкылдоо, мас абалда болуу.
- Калжактоо, түз сүйлөбөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бир денеде эки баш, / Ары-бери кылжыңдап, / Бир денеден төрт кол бар, / Ар тарапка арбаңдап, / Кишиге окшош буту эки, / Жүгүрүшүп тарбаңдап, / Туураланып жөнөсө, / Үрккөн төөдөй тайраңдап, / Курсагы ч…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
хан, / Карыган кой көздөнүп, / Чакчаңдаган Тапан хан, / Дык тийбеген бетине, / Саксаңдаган Тапан хан, / Карыганын билбей көйрөңсүп, / Дакдаңдаган Тапан хан, / Кылжыңдап мойун токтобой, / Бакжаңдаган Тапан хан, / Узун чапан жеңи жок, / Далбаңдаган Тапан хан, / Багалеги сүйрөлүп, / Балбаңдаган Тапан хан, / Ат баскан бака көздөнү…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Мойнун созуп Куу иңген, / Сейтекти бир жыттап, / Гүлчорону бир жыттап, / Айчүрөктү жалт карап, / Токтобой мойну кылжыңдап, / Ээси берген көктү жеп, / Бүлдүргөн деген чөптү жеп, / Аш кайнамдын ичинде, / Каркайып иңген семирет.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →