кылжый

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Башын бир жагына кыйшайтуу, башын салаңдатуу, башын жерге салуу (мис., чарчап-чаалыкканда).
  2. Өтө арыктоо, кыржыюу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Үрккөн койдой дырдыгып, / Бир жакка мойну кылжыйып, / Торопой тосуп манжулар, / Солонго барып тыгылып, / Чогула калып чоңдору: / “Биз жүрбөйлү момунтип, / Көрүнгөн жерде кырылып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
Барайын десе көөнү кир, / Барбайын десе калышка, / Бурумдуу айла таба албай, / Эки этеги салбырап, / Ат сооруга жайылып, / Арка этеги далбырап, / Мойнун салып кылжыйып, / Өзү семиз неме эле, / Бети тердеп мылжыйып, / Күмбөздү көздөй бараткан, / Алдында кеткен Мөңкөтай, / Катын-эркек, кары-жаш, / Күллү кыргыз бараткан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Буурулдун мойну кылжыйып, / Ооз омуртка тайыптыр, / Кара санга ок тийип, / Суркойон аксап калыптыр, / Айтылуу төртөө калыптыр, / Амалы кетип шай кетип, / Шайтан көлгө барыптыр, / Шабыр… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →