кылгыр

китептерде 15 жолу, 6 китепте
  1. Сорпонун же тамактын үстүнө аз гана жылтырап май чыгып туруу.
  2. Майлуу тамак жегенде май кекирүү, май кулгуу.
  3. Көздөн тегеренип аз гана жаш чыгуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жүзүн көрсөм экен, деп, / Кыйа карап каш серпип, / Кыйырынан тиктеп баатырды, / Кылгырып көздөн жаш кетип, / Эл караса жер карап, / Эл карабай калганда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Керек болсо арналуу, / Сага биздин кара жан, - / Деп айкөл Манас айтканда, / Жеткенсип башы асманга, / Каарлуу Алмаң жарк этип, / Күн тийгендей балк этип, / Кылгыртып жашын кирпиктен, / Күлө сүйлөп шанк этип, / Сараланын үстүнөн, / Ыргып түштү талп этип: / — Куйу менен Чубактын, / Куйундаган чунактын, / Жемеңизге калдың, — д… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Түрө тиктеп Айчүрөк, / Көзүнүн жашы кылгырып, / Семетей менен Чүрөктүн, / Турушуна окшошуп, / Себелеп жамгыр жыбылжып, / Жел жүрбөй дымып токтолуп, / Жердин бети чок болуп, / Тиктеп турган Семетей, / Бут солбуду козголуп, / Хан Бакайды кыйырда, / Айчүрөк күлдү оштонуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кызыл жүзүн муңайтып, / Кылгырып көздөн жаш кетип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Айтып болуп тайгандар, / Басаарына калганы, / Аргымак ээрди кыбырап, / Тайгандардын караса, / Ооналактап шыйпаңдап, / Кош эмесе, дегенсип, / Жүрүп кетти шыпылдап, / Батууга кире берерде, / Аман болгун, дегенсип, / Аркасын карап кылчаңдап, / Көздөн жашын кылгыртып, / Жолго түштү ыкчамдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →