кылгылык
- Жамандык иш, кыянат иш, астыртан иштелген иш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…Каныңды сурап алайын, / Түбүбүз алаш бирге эле, / Жылкычы башчы кылайын, / Жамандык кылсаң, сен кылдың, / Мен жакшылык кылайын, / Арамдык кылдың, сен кылдың, / Кылгылык кылып койуп сен, / Билмемиш болуп жылмыйдың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Акылым айтам баарыңа, / Жашырбаймын дегеле, / Жекелешип урушуп, / Ал келбестей Кененге, / Акылды арбын жыйалы, / Кызык жумуш кылалы, / Эртеңден баштап бөлүнүп, / Үч бөлүнүп чыгалы, / Туш-тушунан кыргызга, / Кылгылыкты кылалы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жакыптын уулу Манастан, / Шоорук менен Көңтөйдүн, / — Экөөнүн кунун кубам, — дейт, / Кутурду кыргыз бул кезде, / Кылгылыкты кылам, дейт, / Кылычтан бирден өткөзүп, / Бир кумардан чыгам, — дейт, / Каратып туруп көзүнө, / Хан тагын жерге урам, -дейт, / Чарбасын айдап адырдан, / Чарбаг…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жедигердин элинен, / Шум желмогуз чыгыптыр, / Кылгылыкты кылыптыр, / Муну Сейит угуптур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кыргыздын элин чуулатып, / Катын-кызын олжо алып, / Жаш балдарын ыйлатып, / Калганын айдап чубатып, / Кызыл муштум балдарын, / Кырчынга тизип аспасам, / Кызыл ээк карысын, / Кылыч менен чаппасам, / Бооз катынын жарбасам, / Кылгылыкты кылбасам!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →