кылаңда
- Кылак-кылак этүү, кылактаган, булактаган көрүнүштө болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ак далыга бир койуп, / Көтөрүп алып барайын», / Ойуна алып ошентип / Ак каңкы эрдин башы деп, / Куймулчактын учу деп, / Жыгылар жери ушу деп, / Кызыл сур менен кылаңдап, / Кыйын Отор кара ниет / Качырып найза шилтеди, / Болжогон жерге муштады, / Карыш жери найзанын, / Кызыл канга чыктады, / Бекбача минген Майтору, / Эки колу б…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кулетендин эр Агыш, / Кызды жандап кылаңдап, / Кыргыектей сыланат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Басарына калганда, / Кыз Кылжыке акылман, / Кылаңдап басып буралып, / Жаш Сейити арстанга, / Кашкайа сүйлөп муңайып, / Кийгенине жарашып, / Атлес көйнөк чубалып, / Кундуз ичик жамынып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кыздын баары кылаңдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Болду койгун кебиң, деп, / Бастырып баатыр кете албай, / Төтөгө мырза, Абыке, / Байтерек баштап көп элди, / Өтүнүп таштап кете албай, / Айрыкча сулуу кызды угуп, / Өзү таштап кете албай, / Сомбилек түштү айылга, / Кара калпак дүрбөшүп, / Жардап турат алдында, / Кызмат кылып кылаңдап, / Келиндер турат жанында.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →