кылаңгыр
- Бозомук, акчыл, эптеп эле өңү өзгөргөн (мис., чайга сүт тамызылгандан кийинки өң).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Ал убакта байлар, соодагерлер калааны кан сасытып, бирөөнүн тегин эмгегинен чардап жатканда биз өңдөгөн томаяктар жалгыз эчкини аркандап коюп, көк кылаңгыр сүт ичип отурчубуз.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Күндөрдүн биринде кылаңгыр чайга тоюп, өлбөс оокатка жан талашат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →