кылакта
- Кылаңдоо, кылак-кылак эткен көрүнүштө болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…, / Кундузду койот пулга албай, / Жапа кундуз көп экен, / Сасык дешип теңге албай, / Байкерчилик болобу, / Кыргызга окшош жанга бай, / Кыр сактаган аскердей, / Кылактап турат карагай, / Теректи карап койбосо, / Жыгачпы деп эске албай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Аргымакты бош таштап, / Алдынан басты буластап, / Белдемчи жерде булактап, / Тоту куштай Каныкей, / Басканы сонун кылактап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бешим маалы болгондо, / Эрке катын Чачыкей, / Ордодон чыкты маңкайып, / Ак кулжадай даңкайып, / Эки жагын каранып, / Карчыгадай таранып, / Кызгалдактай кылактап, / Асталай басып булактап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Келиндин баары эндиреп, / Кыздардын баары кылактап, / Кырмызы көйнөк буластап, / Кыйкырыгы таш жарып, / Гүлчоро кирди кайтадан, / Бакырыгы баш жарып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →