кылай

китептерде 84 жолу, 9 китепте
  1. Кылтыйып көрүнүү, чети кичине көрүнүү.
  2. Кичинекей, тыптырмактай.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жаштарга айтам көбүнчө, / Олуйа Кошой макалын, / Кылайтып көөнүн оорутпай, / Карыларды сактагын, / Бир көргөндө билинет, / Жакшы жаман бакканын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…, испандык, / Шаркырап суудай кан агып, / Ангычакты болбоду, / Таң көрүндү агарып, / Хан Дабытай, Кесилет, / Мойнун буруп карашып, / Кырылган элдин саны жок, / Кылайган кыргыз бири жок, / Коросон, испан, калмактан, / Өлгөн өлүк саны жок, / Кырылган элди көргөндө, / Чоңдордун ичи жалын, чок, / Калдайай кулак аттанып, / Кашкарды… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Көк кылайып калганда, / Ыраң чөп баш алганда, / Койо берген Кылжейрен, / Кур семирип алыптыр, / Кулан болуп калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Мелтиреп абаң унчукпай, / Кылайып бир ооз кеп чыкпай, / Кайра тарткан кездерде, / Алмамбет уулу эр неме, / Тайбуурулду чылбырдан, / Таамай жетип алды эле, / Мамындай кебин салды эле: / — Мен Гү… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Ак жери жок кылайган, / Арамзада, ал чоро. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →