кылаала
- Кылаасында жүрүү, жээктей жүрүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бешөөбүздү куткасты, / Агын суунун ичинен, / Суу кылаалап жол тапты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жетисуунун белинен, / Жедигердин элинен, / Букар менен түркмөндөн, / Мында жүргөн элдерден, / Бетбактын тоосун кылаалап, / Кыйла журтту аралап, / Жарды-байын элдердин, / Жан сактоосун чамалап, / Коросондон табалбай, / Бадакшан, Балык, Тажикти, / Үргөнчтүн элин аралап, / Кара тоону бойлоду, / Ат өргүтүп конбоду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…, / Таштап берип колуна, / Ажыкең түштү жолуна, / Арпа менен зырылдап, / Айнектей түздө дырылдап, / Үзүктүн белин ашыптыр, / Көрпөтоолоп басыптыр, / Чатыркөлдү кылаалап, / Кең Аксайды аралап, / Көбүргөндүн Корумташ, / Келинтайгак бел ашып, / Таракай менен айланып, / Жаңы жер менен Уланды, / Чөбү белден буралды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эркечтамды кылаалап, / Улуучат менен аралап,: / Сымкана мекен кыдырып, / Анжыйан, Кокон, Маргалаң, / Аманшоро, Наманген, / Аралап өттү бул элден.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
…кылдап, / Көргөнүн туурап такылдап, / Талдан талга секирип, / Сагызганы шакылдап, / Желип жүрөт карышкыр, / Оозун ачып акылдап, / Кыргыйек учуп жем үчүн, / Жар кылаалап зыпылдап, / Карчыга учуп бөксөлөп, / Көзгө илинбей жыпылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →