кыйыш2
- Ажырашуу, ажырап кетишүү, бирин бири кыюу, бири-биринен кечип кетүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Аркамды карап көп жүрдүм, / Ак ышкын терип жеп жүрдүм, / Айаш атам иш билги, / Айдаркан кыйбайт деп жүрдүм: / Көт жагым карап көп жүрдүм, / Көк ышкын терип жеп жүрдүм, / Жан кыйышпас дос элек, / Көкчө кыйбайт деп жүрдүм.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тапан хан алы келбесе, / Өзүнүн аты Калтарбаш, / Кутулбай тирүү беттешкен, / Койулган аты Куткарбас, / Тапан хан менен куткарбас, / Бирге ойноп чоң болгон, / Эки элге экөө зор болгон, / Кыйышпаган курбалдаш, / Башын кошуп бириксе, / Туралбайсың сен чыдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Жалганда жалгыз менмин деп, / Ойлонбой сүйлөп бокту жеп, / Ээсиз кыргыз эл эмес, / Кылымдан баары чогулса, / Кыргыздан чыккан Сейитек Кыйышып калар эр эмес, / Семетей менен Гүлүстү, / Коңурбай менен Нескара, / Жеңе алган жок сен эмес!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Мен куда — деп — эр Көкчө, / Мен куда — деп — Чынкожо, / Кыйышпай жүргөн Чачыкей, / Орто жерден аны алды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Илгери-илгери бир кашкулак менен бир үпүп экөө кыйышпас дос болушуп, бири-бирине касташпоого убада кылышып, ант беришип, дайым бир жүрүшөт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →