кыйыр

китептерде 52 жолу, 8 китепте
  1. Чек, чет, баш-аягы, бүткөн жери, бир чети менен бир чети.
  2. Мындайыраак, алысыраак, жакын эмес.
  3. Тике эмес, түз эмес, туура эмес, каймана.
  4. Имерилиш, чет.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жүзүн көрсөм экен, деп, / Кыйа карап каш серпип, / Кыйырынан тиктеп баатырды, / Кылгырып көздөн жаш кетип, / Эл караса жер карап, / Эл карабай калганда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Белдүү тууган Кененим, / Кылыч сууруп алганы, / Кыйырын бузбай сулатып, / Кылычтын канын чубалтып, / Кылымдан чыккан Кеңкула, / Жагалмайдай чуратып, / Айдап кирди келгенди, / Наркы элге чуулатып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Бай Жакып карап туруптур, / Кыйырынан көз салып, / Көрктүү экен Арууке, / Кыргоолдой болуп суйкайып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Түрө тиктеп Айчүрөк, / Көзүнүн жашы кылгырып, / Семетей менен Чүрөктүн, / Турушуна окшошуп, / Себелеп жамгыр жыбылжып, / Жел жүрбөй дымып токтолуп, / Жердин бети чок болуп, / Тиктеп турган Семетей, / Бут солбуду козголуп, / Хан Бакайды кыйырда, / Айчүрөк күлдү оштонуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Бекер койо бергиче, / Кыйырынан барып тийейин, / Жалпагы менен балтанын, / Карыга чаап ийейин”. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →