кыйынчылык

китептерде 11 жолу, 8 китепте
  1. Оорчулук, кыйын иш, оор абал.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Уучташып душманга, / Канчалык кызмат кылсаң да, / Кыйынчылык күн келсе, / Күлүмсүрөп олтурат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
- / Анда Кыргыл күүлөнүп, / Боз уулга сөйлүнөп: / — Кыйынчылык болду деп, / Кырасыңбы колду деп, / Кыйкырган бойдон барбасам, / Кыркылып калсын сакалым, / Кылымга калыш макалым! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жери какыр, эл жакыр, / Кыйынчылык шол экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кыйынчылык күн келип, / Кызыл ээк чалдарга, / Чыркырап ыйлап жатабы, / Кызыл муштум балдарда, / Агып сүтү дирилдеп, / Жаш эмчектүү жандар да? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Балдарды таппай көп кыйынчылыктарды тартып, акыры бир күнү араң табышат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →