кыйынсын

китептерде 19 жолу, 6 китепте
  1. Мыктысынуу, баатырсынуу, өзүн мыкты көрсөтүүгө тырышуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…албаңдап, / Өпкөлөтө теминип, / Эки буту салбаңдап, / Элине жетип эс алып, / Кеңештеш болгон бегине, / Барганынан кеп салып: / — Кызылкыз колго кирди, — деп, / Кыйынсынган кыргыздар, / Ийинге бүгүн сыйды, — деп, / Толтойдон бери намысың, / Жедигер, колго тийди, — деп, / Желденип жаман шашылып, / Барганынан-келгени, / Баары ханга … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Тобуке келди дөөгүрсүп, / Аскери топ көпкөнсүп, / Айал-үйөл дебестен, / Ачып-көздү жумбастан, / Койгулашып ал экөө, / Катуу уруш баштаган, / Эки имере бергенде, / Кыйынсынган Катайды, / Кытайдан келген Тобуке, / Ыргыта сайып таштаган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Сакалы токой чериндей, / Муруту кучак келгиндей, / Булкулдаган бул чочко, / Мурутун кырдап имерип, / Чынгыш ханга карады, / Капчыгына кол салып, / Кыйынсынган Чынгыш хан, / Кыргыздан келген катты алды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кыйынсынган Байматтын, / Кыйналганын билиптир, / Кыраан Манас солкулдап, / Башкача сонун күлүптүр: / — Онбашым Баймат сен болсоң, / Унуткан кишиң мен болсом, / Мен дале куруп калайын, / Он кишинин ичинде, / Унутулган мен болсом. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…н кебине, / Такалып баарың калдыңар, / Көп сүйлөйт деп Малдыбек, / Күдүңдөшүп калбаңар, / Узунбу, кыска сөзүмдү, / Мен айтайын тыңшаңар, / Кыйгачыбы, түзүбү, / Кыйынсың баарың сындаңар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →