кыйындык
- Оордук, татаал иш, кыйын иш, кыйынчылык.
- Кыйын экендик, мыктылык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көк жал төрө Кененим, / Кеңкула атты белендеп: / — Кызыталак Чойун алп, / Кең Кашкарга жеткирбей, / Талпагың ташка керем, — деп, / Жолум үйдөй башыңды, / Жол бойуна илем, — деп / Томолотуп көргөндөр, / Көзүңө балдар сийер, — деп, / Сенден көөнүм жай кылып, / Коросон менен испандын, / Кыйындыгын билем деп!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Аруулап жакшы кийгизип, / Ат которуп мингизип, / Алып барып балдарды, / Жаңжүндөргө тийгизип, / Бул жумушту кылганда, / Кытайды эки бөлөбүз, / Келбей койсо кырк жаңжүн, / Коңурбай калча, Нескара, / Мурадил, Уушаң булардын, / Кыйындыгын көрөбүз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эр Сейити жолборсуң, / Кыйындыгын билгизди, / Жебени жазбай боосунан, / Илип алды найзага.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Бала кезден бер жакка, / Алпештеп жүрүп сен бактын, / Кыйындык кылып ар жайда, / Кызматы менен Гүлчоро, / Кыйалы менен бул жакты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
жеген атасын, / Адылдыгын билгизди, / Балыкчынын баласы, / Абылды такка мингизди, / Кыстумбал менен испандын, / Ийинге элин сийгизди, / Кызыгышкан душманга, / Кыйындыгын билгизди, / Билеги жоон эр өттү, / Пилге минген шер өттү, / Дүйнөгө келген тамам жан, / Баары өлүп түгөттү, / Жыйырма экимде жашында, / Дүйнөдөн жылып бул өттү…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →