кыйын
- Оор, татаал.
- Мыкты.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ — Азыр бол, – деп - Козубек, / Малабек менен Алабек, / Козубек ага силерге, / Урушка барыш кыйын кеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Айтышкан сөздөн бузулуп, / Ата-баба кубаар сан, / Биз жаза баскан киши эмес, / Тынч алып жатпай үйүңө, / Кыдырдың жердин түбүнө, / Коросонду козгодуң, / Козгоп койуп кош болдуң, / Ооганды барып ойготтуң, / Уйкусун ачып оогандын, / Оголе кыйын шоктондуң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…зык болуп калыптыр: / — Баатыр сени унутуп, / Байкабай балаа бастым, — деп, / Манжудан келген кулуңдан, / Күнөөсүз өлө жаздым, — деп, / Кырааным сени унутуп, / Кыйын балаа бастым, — деп, / Кытайдан келген кулуңдан, / Кызылдай өлө жаздым, — деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Муну көрүп Кара дөө, / Катуу арданып кайран дөө, / Заарын салып жыландай, / Бөйөн менен чайандай, / Аманат жанды айабай, / Кызыл жанды Кара дөө, / Кылга байлап таштады, / Кыйын уруш баштады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Жалгыз уулу бар абышка-кемпирдин колундагы бирин-серин малын жут алып, күн көрүш өтө кыйын болуп, акыры ары карап ыйлап, бери карап күлүп, айласыздан баласын малайга бериш үчүн шаарга барышты.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →