кыйшаңда
- Токтоно албоо, кыйшактоо.
- Кандайдыр бир иштен качуу, четтөө, жалтактоо, жалкоолонуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кыйшаңдаган сетеркүң, / Турбагының кет, жогол!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…лин бекем курчанып, / Ийри орогун белге алып, / Орокчу келет кыйкаңдап, / Эрин ээрчип жүгүрүп, / Катын келет тыйтаңдап, / Жонунда жоор тери жок, / Аттары келет кыйшаңдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…үнүп, / Бели ооруп зыркырап, / Тизеси жоруп тызылдап, / Тарамышы түйүлүп, / Муундары тырсылдап, / Чөйчөктөй көзү жайнады, / Минтип шору кайнады, / Антип–минтип кыйшаңдап, / Арстан Манас баашанын, / Чатырына барганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Толгоно басып келиндер, / Жөнөп кетет кыйшаңдап, / Илгеркиден калган нарк, / Бирине бири шыйпаңдаш, / Кай бири болот чоң сырдаш, / Кай бирөө калат талаалап, / Чогулушуп болгондо, / Эр Гүлүстөн кеп салат: / —…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кытайдан безген кысталак, / Атасынан баласы, / Кыргызда жүрөт кыйшаңдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →