кыйшаң
- Жалкоо, тил албас, тежик.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Деп коржоңдоп мыкаачы, / Күн карарып, ай күйүп, / Аңтарылса жер асман, / Сезгенбеген Татылда, / Жер токтобой калтылдап, / Тоолор көчүп калдырап, / Канаттуу качып алдырап, / Жер силкинип жарылып, / Суулар агып жайылып, / Зил-зил болуп кетсе да, / Кыйшаңдоону билбеген, / Бул мыкаачы Татылда, / Манастын атын укканда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Тоо бузулуп таш кулап, / Жер силкинип дүркүрөп, / Чагылган огу жалтылдап, / Булут көчүп күркүрөп, / Кыйамат кайым болсо да, / Кыйшаңдашты билбеген.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
— деп айтат, / Атаң Кыйаз маа айткан, / Кыйгачтанса таластык, / Айабай саба деп айткан, / Күч болгон менен Кара дөө, / Кыйшаң-куйшаң кыла албайт, / Айткан кептен жыла албайт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →