кыйшай

китептерде 92 жолу, 9 китепте
  1. Бир жагына оой баштоо, жантаюу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…, / Найза менен сайганы, / Мөшкөй болот чарайна, / Өтпөй найза тайганы, / Найза каңгып так этип, / Ташка сайган немедей, / Кайта жанды чак этип, / Ээрден көчүк кыйшайып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…ип кир жууган, / Кеңколдун жайы ичи экен, / Келе жатса жаш бала, / Узун бойлуу ак сакал, / Караны бешче киши экен, / Карабай да, кылчайбай, / Же каткырып күлүп кыйшайбай, / Же ачуусу келип сумсайбай, / Кыйа тарта бергенде, / Кара кашка ат минген, / Кабаттап темир кийинген, / Карыга найза илинген, / Карап каарын көргөндө, / Кара… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Бир беттешип жанышты, / Өрттөнүп өлгүр экөө тең, / Өчөгүшүп сайышты, / Күн төбөдөн кыйшайып, / Бешимге жакын барышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Керкөкүл сайган Камбыл алп, / Кайра атына жармашып, / Үзөнгүгө бут салды, / Анчалык кылган Керкөкүл, / Эми жетип бир сайды, / Желденип турган Камбыл алп, / Жер кучактап кыйшайды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…айнап качырап, / Жоолук салбай жылаңбаш, / Чачтары түйдөк саксаңдап, / Күлүп калат ырсайып, / Тили чыгып бултайып, / Асманды тиктеп чакчайып, / Бир жакка мойну кыйшайып, / Аркасын карап кылчайып, / “Акыр-чикир келгин! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →