кыйчылда
- Кыйч эткен дабыш чыгаруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…урак, / Ат алдында былчылдап, / Титирек кирди Көкбөрү, / Бүткөн бойу кылчылдап, / Өзөгүнөн от жанып, / Ооруп сөөгү зырпылдап, / Кара баскан немедей, / Азуулары кыйчылдап, / Тура албай калды Көкбөрү, / Асыл менен тең чыдап, / Канча кыйал-ой, санаа, / Акылга келди ошол чак: / “Бир суранып көрөйүн, / Андан нөөмөт бербесе, / Каптат…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ышып, / Киши кетпей жанынан, / Күндөп түндөп багышып, / Эс алганда Саламат, / Кыймылдаса козголуп, / Кабыргасы кылтылдап, / Чынар тийген капталы, / Такыр баары кыйчылдап, / Колу-буту бүт сынык, / Өөдө болбой шылкылдап, / Алты күнү жай жатты, / Сакайып кел барып, деп, / Кошуп берип он эрди, / Өз элине узатты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жамбаштын башы кыйчылдак, / Учу тийип калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…/ Күбүрөп ичтен зарлады, / Ар канча кылып найзасын, / Сейитимден алалбай, / Эрдик менен көгөрүп, / Сабын койо бере албай, / Талаа-талаа найзасы, / Тараша кетип кыйчылдап, / Эр Тапактын тенинен, / Тер куйулуп былчылдап, / Сейитимди сайалбай, / Тапактын иши аксады, / Теңдигин колго алалбай, / Тулку бойу зыркырап, / Кар жилиги как…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Көк кепиш бутта кыйчылдап, / Көрөгөч көзү жылтылдап, / Басып чыкты суйкайып, / Элечек башта койкойуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →