кыйчалыш
- Кыйгач, түз эмес.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кыйамына келгенде, / Кыйчалыш өтө бергенде, / Төрө Алмаң акырып, / “Манастап” ураан чакырып, / Камыштан чыкты качырып, / Алмамбет үнүн укканда, / Алактаган Коңтөрө, / Адырайган чоң төрө, / Айласы кетти шашылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кыйчалыш өтө берерде, / Найзаны таштап жиберип, / Ачалбарсты кынынан, / Колуна алды имерип, / Манасты эми сайдым, деп, / Коңурбай кирди күүлөнүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кыйамына келгенде, / Кыйчалыш өтө бергенде, / Кыйынсынган Айбааны, / Көмө койуп өткөнү, / Атынын оозун бурганча, / Калча Коңур жеткени, / Керкөкүлдөй баланы, / Көмө койуп кеткени.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кайчы кулак кыйчалыш, / Алдыда келет Гүлчоро.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →