кыйры2
- Учуру, мезгили, убагы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Манас деген үндү угуп, / Бактыбай жеткен экен, деп, / Калдык калды шашылып, / Өбөктөгөн атына, / Оңдонуп минди ашыгып, / Койуп өттү аңгыча, / Козубек кары качырып, / Кары да болсо Козубек, / Кайраты толук ушул кез, / Кыйрынан сайган Козубек, / Карасурдан кырданып, / Жер тайанды хан Калдык.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Дабытайдын найзасын, / Сайдырбай кагып жиберип, / Колундакы найзасын, / Оңдоп кармап имерип, / Кыйа тарта бергенде, / Кыйрына кирип келгенде, / Кый сүйбөөгө бир сайды, / Кызыталак Дабытай, / Ээрден көчүк бултайып, / Үзөңгүдөн бут тайды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Коңтөрө найза сунгуча, / Жана кайта ургунча, / Кайдан чыкты ким билет, / Бактысы жүргөн жетелеп, / Кыпчакбайдын Абдылда, - / Кыйын чечен Ажыбай, / Кыйрынан жетсе чуратып, / Каары катуу чоң калча, / Найзасын кагып жиберип, / Муну да сайды кулатып, / Алгара оозун бурганча.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кыйрын бузбай сулатып, / Кызып келет, Сары хан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Кылычын тартып кынынан, / Бурдатып чаңды кыйрынан, / Ач кыйкырык, куу сүрөөн, / Манастап ураан чакырган, / Кайта кирди чамынып, / Ал Ойротко кабылан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →