кыйраңда
- Бир жагына оой кыймылдоо, басуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…көп; / Колу сынып чолойуп, / Көзү чыгып олойуп, / Кулагы жок молойуп, / Денеден каны чубуруп, / Кыпкызыл канга бойолуп, / Буту сынык сыйраңдап, / Жанбашы сынык кыйраңдап, / Бели сынык буйраңдап, / Бул түрдөгү мындан көп; / Коркурап жаны чыга албай, / Кыйналганы дагы бар, / Ага, ини бир тууган, / Бири калып, бири өлүп, / Ыйлаган…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →