кыйра
- Сынуу, талкалануу.
- Бүлүнүү, бузулуу, кулап түшүү, жок болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Каада-нарктуу кеп кылсаң, / Кырк балбанын кетирбей, / Кыйратат элем кек кылсам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сейити өтүп кетиптир, / Күн батыштын жети дөө, / Он төрт жашта тең болуп, / Дөөнүн баары кыйраган, / Арбагы мындан кем болуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Канча катар тор салды, / Катары менен кыйратып, / Калың жерге жол салды, / Эрегишкен эки эрдин, / Ээ дээрге алын келтирбей, / Элине тирүү кетирбей, / Эбин таап жалмады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кутургурдун найзасы, / Отуз жети бөлүнүп, / Колунда калбай кыйрады, / Жыгачы түгүл темири, / Алты жерден сынганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Сабын бузбай кыйратып, / Санаты жок сулатып, / Сойо жазды өзүмдү, / Сайа жазды кулатып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →