кыйна
- Уруп, сабап этин, денесин оорутуу, соккуга алуу.
- Кыйын, оор абалга туш келтирүү, азапка салуу, катуу жапа чектирүү, кысмакка алуу.
- Тынчын алуу, тынчтык бербөө, кыстоо, кысмакка алуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кайнатама айткыла, / Эт көйнөгүн айабай, / Мага берсин кайнатам, / Кайненеме айткыла, / Сабыр кылсын ыйлабай, / Тынч жаткырсын жерине, / Нурфануну кыйнабай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кылычтуу менен найзачан, / Тамандан чыккан чаңды көр, / Чайкалып жаткан канды көр, / Чаар ичеги чубалып, / Чыкпай жаны кыйналып, / Чакыйып жаткан жанды көр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кыйынсынган Байматтын, / Кыйналганын билиптир, / Кыраан Манас солкулдап, / Башкача сонун күлүптүр: / — Онбашым Баймат сен болсоң, / Унуткан кишиң мен болсом, / Мен дале куруп калайын, / Он кишинин ичинде, / Унутулган мен болсом.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Каңгырап Бакай ыйлады, / Калдырап таштар кулады, / Анда Семей муну айтат: / — Кой, абаке, ыйлаба, / Асыл жанды кыйнаба, / Баатыр сендей болобу?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
— Алда Көчкүн ай, аны эмне кыласың эми кыйнап.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →