кыймылда
- Кыймылга келүү, аракетке келүү, козголуу, аракеттенүү, иштөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Таамай сайган Таабалды, / Калдаң өңдүү балбанда, / Кыймылдаар шай калбады, / Бучкактан каны куйулуп, / Камчы саптай чубуруп, / Өбөктөп атка шылк этип, / Бучкактан мөжүк кан кетип, / Оодарылып атынан, / Жерге түштү жалп этип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…бир тоо бар, / Куу казыктын башында, / Алмамбет, Чубак – эки шер, / Тегерегин караса, / Алоокенин Коңурбай, / Жыйырма батман туулгасы, / Кийип алып туруптур, / Кыймылдаган көп киши, / Жиги, жиги, жиги деп, / Жыйып алып туруптур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жер солкулдап дүңкүлдөп, / Там кыймылдап сүлкүлдөп, / Жер чайкалат экен, деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кыймылдап кылча былк этпей, / Гүлчоро туруп калганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Камыкең алтымыш өгүз, элүү ат, араң кыймылдата турган, темир таяк жасатып алып, он жети жашынан саякатка жөнөйт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →