кыймыл
- Кандайдыр бир ишти иштөө максатында кылынган аракет, аракет болуп турган абал.
- Белгилүү бир максатты көздөгөн коомдук иш, аракет.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бекбачаны келет, деп, / Кыймыл эткен баарыны, / Калдык жүргөн белендеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Карап турса аныктап, / Жердин бетин көл толкуп, / Келаткансып суу каптап, / Кылт этип кыйал бурулса, / Кетчүдөй көрүнөт, / Кызыл кыйан сел каптап, / Жүрөгү күйүп кызыл чок, / Кыймыл этээр чама жок, / Кара бойу бүт какшап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кыймыл этпей былк этпей, / Арстан баатыр Манаска, / Кайран Чубак ошондо, / Астыртан айтты шыбырын: / — Аткарбай кармай көргүн, — деп, / Алмамбеттин чылбырын,- / Арстан Манас кабылан, / Эр Алмамбет баатырды, / Кармай алды чылбырдан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кыймыл этпей, солк этпей, / Гүлчоро жатты былк этпей.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Үлдүрөп сүйлөгөн сөзүнө, кыймылына караганда жүүнү бош неме болсо керек.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →